Анжелика: Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок
Ырчы Анжелика Кайратова үч кызы үч башка ооруканада жатканын айтып, кыздарынын жана өзүнүн өмүрүн сактап калган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу анан соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Кырсыктап калдык. Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз кол кармашып алып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым.
Айымамдын колу, буту, бели сыздап жатат. Жаным, мен үчүн баарыңар кичинекейсиңер. Жаныңарга бара албай минтип жатам.
Элимамды кырсыктан кийин биринчи көргөндө жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген. Белим чачырап жатса да кыйкыра албадым, кыздарымды коркутуп албайын дедим. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Аман болгулача ананайындарым.
Кыздарым менен видео чалуу аркылуу бир аз гана сүйлөшкөнгө уруксаат берип жатат. Түнү менен кыйналып жатабыз, бул күндөр батыраак эле өтүп кетсе экен.
Ал эми, Айлинимдин бутун Түптүн ооруканасынан рентгенге тартып чыгарып беришти. Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан эч жерим ооруганын да билбей калдым. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок”, - деп жазды ырчы.
Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган.
Добавить комментарий ×