Ырчы Анжелика кыздары менен кырсыкка кабылып, кичүү кызынын жамбашы сынып кеткен

24 января 2021 14:19 8168 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен кырсыкка кабылды. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору билдирди.

Маалым болгондой, Түп районунун Балбай айылынын аймагынан Караколдон Бишкекти көздөй бара жатып, жол тайгалак болгондуктан, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсык болгон учурда унаада төрт киши болгон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы Айлин Бекболиеванын жамбашы сынган.

Анжелика да омурткасынан жаракат алып, оң бутунун таманы сынганы маалым болду.

Алар Түптөгү ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. 24-январда Бишкекке реанимобиль менен алынып келинген.

“Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баарына шүгүр.

Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун.

Аманбыз”, - деп жазды Анжелика өзүнүн инстаграм баракчасына.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-kyzdary-menen-kyrsykka-kabylyp-kich-kyzynyn-zhambashy-synyp-ketken



Добавить комментарий