Анжелика: Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок

27 января 2021 09:32 31341 16 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова үч кызы үч башка ооруканада жатканын айтып, кыздарынын жана өзүнүн өмүрүн сактап калган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу анан соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кырсыктап калдык. Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз кол кармашып алып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым.

Айымамдын колу, буту, бели сыздап жатат. Жаным, мен үчүн баарыңар кичинекейсиңер. Жаныңарга бара албай минтип жатам.

Элимамды кырсыктан кийин биринчи көргөндө жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген. Белим чачырап жатса да кыйкыра албадым, кыздарымды коркутуп албайын дедим. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Аман болгулача ананайындарым.

Кыздарым менен видео чалуу аркылуу бир аз гана сүйлөшкөнгө уруксаат берип жатат. Түнү менен кыйналып жатабыз, бул күндөр батыраак эле өтүп кетсе экен.

 Ал эми, Айлинимдин бутун Түптүн ооруканасынан рентгенге тартып чыгарып беришти. Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан эч жерим ооруганын да билбей калдым. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган

Ссылка: https://barometr.kg/tizeden-jd-balta-menen-chort-keskendej-krnsh-kyzymdyn-buttary-ekenine-ishengim-kelgen-zhok



Добавить комментарий

  • Бул куну мен атаман айрылдым😪😥😢
  • Кудайым женилинен берсин😓
  • Гульнаоа 3 года назад
    Кудай бар эмеспи.Жакшы болуп кетесинер.Канча элге жакшылык кылдын эле.Кантип эле жерде калсын.Кудай озу жардам берсин🙏
  • Сабыр Анжелика булда жараткандан берилген сыноо озуно кыздарына ден соолук тезирээк сакайып кеткиле
  • Буюрса кудайым шыпаасын берип айвгып кеткиле, эн негизгиси аман калганынар. Баардык кырсыктарынар ушуну менен чыгып кетсин. Силер дем куч 💐💐💐
  • Анжелика бул кундор отуп кетет,Аллахым шыпаасын берип кыздарын менен батыраак сакайып кеткиле кырсык ушуну менен чыгып кетсин Аллахым жардам берип экинчи оорубагыла.
  • Аллаа таала сабыр берсин кыздарын менен аман бол бол кунда отот сабырдуу бол бир аллаагана билет🙏🙏🤲🤲🙏
  • Кудайыбыз шыпаасын берсин🙏🙏🙏. Сакайып кеткиле
  • АЛЛА шыпаасын берсин🙌
  • Анжелика сага кыздарына сабыр берсин буюрса бул кундорду корбогондой болуп сакайып кетесинер . Кудайым озу колдосун ,эртереек сакайып кеткиле
  • Кудайым озу колдосун, жардам берсин. Озуно жана кыздарына ден соолук, тезирээк сакайып кеткиле!!!🙏🙏🙏
    • Силерге кудайым шыпаасын берсин, эн кыйын сыноонор ушуну менен чыгып кетсин,женилинен берип тезирээк сакайып кеткиле. Сен кучтуу айымсын,баарын женесин.
  • Ии жаман болуптур,аман эсен сакайып чыккыла кудайым бар эмеспи баары жакшы болот
  • Аллахым.баарынарга шыпаа берсин
  • Аллахым ден соолук берсин тез жакшы болуп аман эсен чыгып калгыла
  • Жараткан Аллахым жардам бере кор Анжелика кыздарын мн Ден соолукта бол эртерээк айыгып кеткиле.🤲🤲🤲🙏🙏🙏🙏😥😥😥