Жол кырсыгыган эки буту сынган Анжеликанын кызына операция жасалат

25 января 2021 11:57 7595 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратованын кичүү кызы Айлин Бекболиева Түп аймактык ооруканасынан Бишкекке алынып келинди. Кыз Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Барометрге" травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.

"Кыздын эки буту тең сынып кеткен. Ага бүгүн операция  жасалат. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин, Анжеликага да операция жасалып, абалы туруктуу деп бааланган.


Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygygan-eki-butu-syngan-anzhelikanyn-kyzyna-operaciya-zhasalat



Добавить комментарий