Ырчы Каныкей “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

15 февраль 2024 17:14 2085 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Каныкей Алымбекова жана жаш кино ишмери Максат Жумаев “Маданияттын мыкты кызматкерлери” төш белгисин алышты. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 15- февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы жана обончу Каныкей Алымбековга жана сценарист, кино оператор Максат Жумаевге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

“Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Чыңгыз Эсенгул уулу өнөр адамдарына сыйлыктарды тапшырып жатып, аларга чыгармачылыктагы ийгиликтерди  жана бекем ден- соолук каалады”, -деп айтылат маалыматта. 

Алымбекова Каныкей Муратбековна тууралуу:

Каныкей 1987-жылдын 16-октябрында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн.  2011-жылы М.Күрөңкеев  атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу  жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы  Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми  2011- жылы  Кыргызстан Эл аралык университетинин ийгиликтүү аяктаган.

Каныкей учурда Бишкек шаарындагы  №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылык жолу  2008-жылы башталып,  алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50 дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана  “Куурчак” аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.

Жумаев Максат Медербекович тууралуу:

Мсксат 1985-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктап, инженер адистигине ээ болгон.

Эмгек  жолун 2003-жылы Тогуз-Торо районунун аймагына тараган «Шанкай» телеберүүсүндө операторлуктан  баштаган.

Максат Жумаев кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен, мыкты операторлука жетишкен.

Ал “Интерньюс Нетворк” компаниясында такшалып, «Ачык Азия» берүүсүн, «Точка зрения» ток-шоусунун оператор-монтажеру, Кыргызстандын «Азия Микс» КВН командасынын видероликтерин тартып, алардын ийгиликтерине салым кошкон.

Бир катар студияларда оператор, режиссер, монтажер катары иштеп,  «Общяга» аттуу сериалды  тартып чыгарган.  

2016-жылы жеке «Asman Cinema» продюсердик компаниясын уюштуруп, бүгүнкү күндө бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

Жаш режиссер катары «Эне жүрөгү”, «Туман», «Бажарики», «Үзүлгөн үмүт» аттуу тасмаларды  тартса, 2021-жылы «Баары бир тууган» аталышындагы 12 сериядан турган тарбиялык маанилүү сериалдын сценарийин жазып, өзү режиссерлук кылган.

2021-жылы Россия Федерациясынын «За заслуги в культуре и искусстве» медалы,  «Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын отличниги» наамына ээ болгон. Акыркы убакта «Жаным» жана «Разбой. Новая глава» аттуу тасмасы жарыка чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kanykej-madaniyattyn-mykty-kyzmatkeri-tsh-belgisi-menen-syjlandy



Добавить комментарий