Акыркы учурда ручканын капкагын өпкөсүнө жутуп келгендер көйүүдө

14 февраль 2024 19:00 2098 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы учурда ручканын капкагын жутуп алып, ооруканага келген балдардын саны арбын. Мындай маалыматты хирург Калыбек Мыкыевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дарыгердин айтымында, ата-энелер балдарга ручканын капкагын оозуна салуу өтө кооптуу экенин эскертип турушу керек. 

“Урматтуу ата-энелер! Балдарыңарга көз салсаңар, тамак-аштан башка балдар ооздоруна аркандай нерселерди салып чайнашат, сорушат. 15 күндүн эле ичинде 3 бала ручканын капкагын өпкөсүнө жутуп келишти. Алып чыгыш оңойго турбайт, бирөөнү бүгүн өпкөсүн кесип издеп араңдан зорго таптык. Көз салсаңар балдарыңарга! Көпкө чайнагандан жалпайып кеткен”, -деп айтылат дарыгердин маалыматында. 

Ссылка: https://barometr.kg/akyrky-uchurda-ruchkanyn-kapkagyn-pksn-zhutup-kelgender-kjd



Добавить комментарий