Кыргызстанда бир аптада 10 миңдей адам сасык тумоо, грипп менен катталууда

2 ноябрь 2021 15:50 1744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир аптада республика боюнча 10 миңдей адам курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар менен жабыркап жатат.Бул тууралуу Мамлекеттик ооруларды алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы адиси Султан Суранбаев эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, мезгилүү респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшү октябрь айынын башында катталган жана ар бир аптада оору 3 миңдей адамдан чыгып жаткан.

“42-44 аптада кескин өсүш болуп жана ар бир аптада 10 миңден учур катталууда.Чүй, Ысык-Көл областтары жана Бишкек шаарында ОРВИ жана грипп жуктуруп алгандар жогору болууда”,-деп белгиледи адис.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-aptada-10-midej-adam-sasyk-tumoo-gripp-menen-kattaluuda



Добавить комментарий