Дарыгер коронавирустун өлүм алып келе турган симптому кайсы экенин айтты

2 ноября 2021 11:11 1620 Barometr
Поделиться в:
ok

Врач-иммунолог Владислав Жемчугов "Звезда" телеканалына берген маегинде коронавирустун өлүм менен аякташы мүмкүн болгон кооптуу белгиси тууралуу айтты. Бул тууралуу аталган каналга шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Вирусолог коронавирус дельта-штаммга байланыштуу начар жагына өзгөрүүгө дуушар болгонун кошумчалады.

“Оору өзгөрдү, анткени азыр дельта штамм басымдуулук кылып жатат. Бул штамм менен ооруганда бейтап оор абалда калып жатат. Инкубациялык мезгил азайып, тез арада пневмония келип чыгууда. Жаштар ал тургай, мектеп окуучулары ооруп жатышат”,-деп айтты медик.

Дарыгердин байкашынча COVID-19дун эң оор, кооптуу белгиси температура түшө баштаганда келип чыгат.

“Бул абдан оор абал. Башкача айтканда мында өлүмгө бир нече күн калат. Жакшылап эске алуу керек эгерде температура 36 жана андан ылдый болсо-бул оор жагдайдагы бейтаптар”,-деп эскертти Жемчугов.

Ошондой эле температураны сымап термометр гана так өлчөй турганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-koronavirustun-lm-alyp-kele-turgan-simptomu-kajsy-ekenin-ajtty



Добавить комментарий