Кыргызстанда бир аптада 10 миңдей адам сасык тумоо, грипп менен катталууда
Бир аптада республика боюнча 10 миңдей адам курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар менен жабыркап жатат.Бул тууралуу Мамлекеттик ооруларды алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы адиси Султан Суранбаев эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, мезгилүү респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшү октябрь айынын башында катталган жана ар бир аптада оору 3 миңдей адамдан чыгып жаткан.
“42-44 аптада кескин өсүш болуп жана ар бир аптада 10 миңден учур катталууда.Чүй, Ысык-Көл областтары жана Бишкек шаарында ОРВИ жана грипп жуктуруп алгандар жогору болууда”,-деп белгиледи адис.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-aptada-10-midej-adam-sasyk-tumoo-gripp-menen-kattaluuda
Добавить комментарий ×