Дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитилди
Министрлер кабинети дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ калкты дары-дармек менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Бул токтом менен дары-дармектерге рецепт жазуу эрежелери, дары-дармектерди рецепт боюнча берүү эрежелери, саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектерге талаптарды (заявкаларды) жазуу жана тариздөө тартиби, рецепт бланктарын сактоо эрежелери бекитилди.
Рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө – бекитилген үлгүдөгү рецепт бланктарында жазылары белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ушул токтом менен бекитилген рецепт бланктарынын формаларын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көбөйтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/dary-darmekterge-recept-zhazuu-tartibin-bekitildi
Добавить комментарий ×