Улуттук госпиталдын дарыгерлери бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга учуп кетишет

8 февраль 2024 13:24 1107 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 9-февралда Улуттук госпиталдын уролог дарыгери бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга учуп кетишет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай маалымат, бүгүн, 8-февралда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугуштуу учурунда белгилүү болду. 

“Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Жыйында министр КР Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда КР Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди. «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар”, -деп айтылат маалыматта. 

Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-gospitaldyn-urolog-darygeri-bjrk-almashtyruu-boyuncha-atajyn-okuudan-t-chn-trkiyaga-uchup-ketishet



Добавить комментарий