Сулуулук салондо жогорку билими жок адис хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасап келген

1 декабрь 2023 18:20 1834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте сулуулук салондо медициналык жогорку билими жок адис хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасап келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейддердин алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту.

Жогоруда айтылган сулуулук салондун инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg

“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле, бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-suluuluk-salondo-medicinalyk-zhogorku-bilimi-zhok-adis-hirurgiyalyk-kijligishlrd-zhasap-kelgen



Добавить комментарий