Анжелика: Бизге эки ай басканга болбойт экен. Айымама эртең операция жасалат

4 февраль 2021 12:14 9156 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова кыздары жана өзү күндөн-күнгө жакшы болуп жатканын билдирип, болгону эки ай басканга болбой тургандыгын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Кутман таң!

Ар бир аткан таң Кудайдын баа жеткис белеги.

Кыздарым ойгонду, баары жанымда. Болгону, бизге эми эки айга чейин басканга болбойт. Айымамды операцияга дайындап башташты. Эртең жума күнү операция болот. Жумага барсаңыздар же үйдөн болсо да кызыма дуа кылып коюуңуздар”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, алдыда операция жасалары күтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-bizge-eki-aj-baskanga-bolbojt-eken-ajymama-erte-operaciya-zhasalat



Добавить комментарий