Садыр Жапаров ЖЭБдеги аварияда күйүк алып жабыркагандардан кабар алып, ооруканага барды

2 февраль 2024 15:27 1701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБдеги авариядан жабыркагандарга барды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Жапаров Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепетинен күйүк алып, жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады.

 Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушары маалымдалды. 

Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ал жакка барганында Мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.    

Садыр Жапаров тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ЖЭБдин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырды.

Мындан тышкары, Президент штаттык эмес кырдаал толугу менен жоюлганга чейин атайын кызматтардын ишин күчөтүлгөн тартипке которууга буйрук берди.

Бишкек ЖЭБине барганында аны Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрдү.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhebdegi-avariyada-kjk-alyp-zhabyrkagandardyn-abalynan-kabar-alyp-oorukanaga-bardy



Добавить комментарий