АКШдагы кыргыздар Баткен элине 100 000 доллар чогултушту

7 май 2021 14:15 7583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШдагы мекендештер Баткендеги чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам берүү үчүн 100 000 доллар чогултушту. Бул тууралуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Чикаго шаарында "KYRGYZ COMMUNITY CENTER” ачылды. Миллион долларлык имаратты сатып алышып Кыргыз маданий борбору кылууга кадам таштаган мекендештерибизге терең ыраазычылык. Баткенге жардам дешип жүз миң доллар чогултушту", - деп жазды акын.

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып,  куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн. 

29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Баткенде үй жайсыз калган мекендештерибизге Кыргызстандын баардык аймактарынан жана чет элде иштеп жүргөн жарандар да гуманитардык жардам көрсөтүп жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/akshdagy-mekendeshter-batken-eline-100-000-dollar-chogultushtu



Добавить комментарий