Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы АКШнын элчиси менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери, терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү коркунучтары талкууланды.
Мындан тышкары, АКШнын жаңы миграциялык саясаты темасы өзүнчө козголду.
Жолугушуунун соңунда Бактыбек Бекболотов жана Лесли Вигери кыргыз-америка мамилелеринин эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы оң багытта өнүгөрүнө ишеним билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-koopsuzduk-keeshinin-katchysy-akshnyn-elchisi-menen-zholugushtu
Добавить комментарий ×