"Дагы бир адам каза болду". Чек арадагы кагылышуудан көз жумгандар 35ке жетти

3 мая 2021 11:57 758 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу учурунда жаракат алгандардын дагы бири каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Маалым болгондой, чек арадагы окуянын дагы бир курмандыгы 1960-жылы туулган Максат айылынын тургуну каза болду. Ал эми, жаракат алгандардын саны 183 адамга жетти. 

Буга чейин, чек арадагы куралдуу кагылыштарда 34 адам каза тапканы маалым болгон. 178 киши жараат алган. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып,  куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн. 

29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган

Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-adam-kaza-boldu-chek-aradagy-kagylyshuudan-kz-zhumgandar-35ke-zhetti



Добавить комментарий