Чек арага ӨКМнын атайын куткаруу тобу жөнөтүлдү
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаралган кырдаалдан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да чек арага барды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Учурда, кырдаал курчуп турган чек ара аймагына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу жөнөтүлгөн.
“ӨКМнын Баткенге караштуу үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу чыгып чыр менен коштолгон жердеги жарандарга тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, бүгүн, 29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.
Кече, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.
"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-araga-kmnyn-atajyn-kutkaruu-tobu-zhntld
Добавить комментарий ×