Чек арадагы кырдаал: Төрт адам ооруканга түшүп, бирөөнүн абалы оор
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаралган кырдаалдан улам, төрт жаран ооруканага түшкөн. Бул тууралуу “Барометрге” Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалым болгондой, чек арадагы ок атышуу жана таш ыргытуунун кесепетинен жаракат алган 4 тургундун бирөөсү медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган.
Учурда, эки бейтап Самаркандек аймагынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми, дагы бир бейтап ок атуучу куралдан жаракат алып, Лейлек аймагынын ооруканасына жайгаштырылган. Анын абалы оор деп бааланууда.
"Самаркандек аймактык ооруканга жаткырылган бир бейтап баш мээсинен жабыркаган, экинчи бейтаптын денесинде сыныктар бар. Учурда, кырдаал курчуган чек ара аймагында "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы иш алып барууда. Эгер, дарыгерлер зарыл болсо, Ош шаарынан дагы адистер жиберилет", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы.
Эске сала кетсек, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.
"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kyrdaal-trt-adam-oorukanga-tshp-birnn-abaly-oor
Добавить комментарий ×