Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болууда
Учурда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болууда. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу жолдогу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Токтогул районунун “Арал” өтмөгүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 20:10дон тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунда "Төө-Ашуу" ашуусуна майда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу №9 жол тейлөө ишканасынын жолчулары кум себишүүдө.
“Сосновка” өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 21:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди
Жүргүнчүлөрдүн кырсыкка кабылуусунун алдын алуу үчүн ӨКМ жетекчилиги жолдогу абалды тыкыр көзөмөлгө алууну министрликтин тиешелүү кызматтарына тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kar-zhaap-zhol-tajgak-boluuda

Добавить комментарий ×