"Балапан кезинде кыйылган өмүр". Жааган октоп качып баратып 5 жашар наристе сууга агып каза болгон
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда беш жашар наристе сууга агып кетип каза болгондугу тууралуу маалымат соцтармакка жарыяланды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.
Бүгүн, 3-май күнү соцтармакка тажиктер кол салып кирген каргашалуу күнү сууга агып каза болгон Абидин Турсунбаевдин сүрөтү жарыяланды.
Анда, окуя болгон 29-апрель күнү кечки саат 19:15тер чамасында Арка айылына тажик тарап ок жаадырып кол салып киргенде элдер дүрбөлөңгө түшүп, тоо тарапты көздөй качып жөнөшкөнү айтылат.
"Сүрмө топ элдин арасында кичинекей Абидиндин апасы бир баласын бооруна кысып, экинчисин жетелеп эл менен кошо качып жөнөгөн. Жааган октон качып чыккан эл Фергана каналынан өтмөк болгондо, снаряд жарылып, Абидин сууга агып кеткен. Наристенин жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан алып чыгышкан”, - деп жазат соцтармак колдонуучу Барчын Аманова.
Ал эми, бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы окуя такталып жатканын айтып, жакынкы күндөрү толук маалымат берилерин кабарлады.
Буга чейин, чек арадагы куралдуу кагылыштарда 35 адам каза тапканы маалым болгон. 183 киши жараат алган. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.
Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.
Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган
Добавить комментарий ×