Он жылда мугалимдердин айлыгы орточо алганда 13,5 миң сомго көбөйгөн

11 августа 2021 17:29 1405 Barometr
Поделиться в:
ok

Он жылдын аралыгында мугалимдердин айлык акысы орточо алганда 13,5 миң сомго көбөйгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин отчетунда айтылганын  “Барометр” маалымдайт.

10 жыл мурда мугалимдердин орточо айлык акысы 3500 сом болчу. Азыр алардын орточо маянасы 17 миң сом.

“Айлык акынын жогорулашы мугалимдердин тартыштыгын азайтты. Эгерде 2021-жылы жыл сайын 3,5-4 мугалим жетишпесе, 2020-жылы анын саны 700дөй гана болду”,-деп айтылат отчетто.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhylda-mugalimderdin-ajlygy-ortocho-alganda-135-mi-somgo-kbjgn



Добавить комментарий