Бишкектеги мектептердин окуу форматы 20-августтан кийин белгилүү болот

10 августа 2021 13:17 1621 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар кандай форматта иштей турганы 20-августтан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, азыр мектептер менен бала бакчаларда ремонт иштери аяктап жатат.

“Мугалимдер менен мектеп директорлору эс алуудан келишип, жаңы окуу жылынын башталышына даярдыктарды көрүп жатышат”,-деп айтты ал.

Вице-мэр белгилегендей, азырынча мектептер кандай форматта ишин баштай турганы тууралуу чечим жок.

“Биз балдардын офлайн-окуусун каалайбыз. Окуучуларды партага отургузуу керек, анткени билим берүүнүн коэффициенти менен деңгээли төмөндөп жатат. Азыр мугалимдерди эмдөө иштери боюнча маселени чечип жатабыз”,-деп айтты вице-мэр.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-mektepterdin-okuu-formaty-20-avgusttan-kijin-belgil-bolot



Добавить комментарий