Кыргызстанда 116 жаңы мектеп ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кожомкул айылынын мектебинде, билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш чарага катышты катышты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мугалимдерди, окуучуларды, ата-энелерди жана Кыргызстандын бардык жарандарын билим күнү менен куттуктап, инсандын, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн билимдин өзгөчө маанисин белгиледи.
«Билим күнү – бул ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам. Билим – инсандын өнүгүүсүнүн, коомдун бекем пайдубалынын жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы», – деп ал.
Адылбек Касымалиев ошондой эле өлкөдө билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштерди, анын ичинде жаңы мектептерди ачууну эске салды.
Ал акыркы күндөрү Кыргызстанда 101 жаңы мектеп ачылганын, ал эми бүгүн республика боюнча дагы 15ке жакын мектеп ачылып жатканын билдирди.
«Бүгүн Кожомкул айылынын тургундары үчүн кош кубанычтуу күн – айылда жаңы мектеп ачылып жатат, Өкүнүчтүүсү – мектеп “курулушу көп күттүргөн обьект” болуп турган. Акыры бүттү. Баарыңыздарды жаңы мектептүү болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул жерде ыңгайлуу жана натыйжалуу окуу үчүн бардык керектүү нерселер бар: жабдуулар менен жабдылган класстар, заманбап компьютердик класстар, ашкана, 120 орундуу сахнасы бар кенен актовый зал, душтары бар ыңгайлуу спорттук зал, ошондой эле мектептин аймагындагы аянтчалар – футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары», – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ал жаңы мектеп заманбап билим берүү борбору гана болбостон, айылдын маданий жана спорттук турмушунун борборуна айланарына ишенимин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-116-zhay-mektep-achyldy
Добавить комментарий ×