«Альянс Алтын» билим берүүгө кезектеги колдоосун жасады

14 октября 2025 10:10 Barometr
Поделиться в:
ok

«Альянс Алтын» компаниясы Талас жана Бакай-Ата райондорундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине заманбап 20 комплект компьютер тапшырды. Бул көмөк аймактагы билим берүү шарттарын жакшыртуу жана балдардын технологиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөйт.

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, техника жеринде орнотулуп, пайдаланууга даярдалган. Компьютерлер балдардын билим алуусуна ыңгайлаштырылган программалар менен жабдылган.

Бул компаниянын билим берүү мекемелерин колдоого алган алгачкы кадамы эмес. Буга чейин «Альянс Алтын» Манас, Айтматов райондорунда жана Талас шаарындагы бала бакчаларга 27 компьютер тапшырган. Мындан тышкары, компания тарабынан бир катар орто мектептер да техникалык жабдуулар менен камсыздалган.

“Биз жергиликтүү калктын келечеги - балдардын сапаттуу билим алуусуна өз салымыбызды кошкубуз келет. Техникалык жабдыктарды алып берүү, бул багыттагы иш-аракеттердин бир бөлүгү гана”, - деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.

Компания билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып келет. «Альянс Алтын» иштетип жаткан Жерүй кени аркылуу түшкөн кирешелердин бир бөлүгү социалдык долбоорлорго багытталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-bilim-berg-kezektegi-koldoosun-zhasady



Добавить комментарий