Журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча президенттин маалымат катчысы үн катты

9 января 2020 14:28 1874 Расул Мурат
Поделиться в:
ok


Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Бишкекте сабалган журналист Болот Темировдун иши көз жаздымда калбай турганын маалымат жыйында айтты.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азырынча кол салуу боюнча толук маалматы жок экенин билдирди.

"Бул фактыны укук коргоо органдары карайт деп ишенем. Бул кол салуу анын профессионалдык ишмердигине байланышпаса да ар бир жасалган кылмыштын бети ачылыш керек. Кыргызстандын ар бир жараны коргонуу укугуна ээ", — деди ал.

Стамалиева өз сөзүндө мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн бир иструменти күчтүү жарандык сектор менен күчтүү эркин ЖМКлар  деп эсептей турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда чак түштө FactCheck KG сайтынын башкы редактору Болот Темиров кеңсесинин жанынан сабалган. Ага чымыр денелүү белгисиз үч киши кол салып, телефонун тартып алган. Темиров кол салуудан кийин тиштери бошоп, кулагынан кан агып жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-bolot-temirovdun-sabalyshy-boyuncha-prezidenttin-maalymat-katchysy-n-katty



Добавить комментарий