Бишкекте журналист Болот Темировду сабап кетишти. Сүрөт
Поделиться в:
Бишкекте FactCheck KG сайтынын редактору Болот Темировду олбурлуу белгисиз үч киши сабап, телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу аталган сайт Facebook баракчасына жазды.
Ага ылайык, белгисиз кишилер Темировго кеңсенин жанынан кол салышкан.
Болот Темиров акыркы учурда коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрдү сайтка жарыялап келген. Андан сырткары аткаминерлердин декларациясында көрсөтпөй койгон мүлктөрү боюнча маалыматтарды да чыгарып келет.
Негизинен FactCheck сайты коомдо бүдөмүк ойлорду пайда кылган билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн бышыктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhurnalist-bolot-temirovdu-sabap-ketishti-srt
Добавить комментарий ×