Садыр Жапаров: Атамбаев саясий туткун эмес, ага карата бир нече иш козголгон

24 октября 2021 11:56 1813 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 23-октябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебей турганын айтты.

Президент Атамбаевди ал камакка албаганын тактады.

"Атамбаевди мурдагы бийликтин тушунда камашкан, ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Атамбаев саясий туткун эмес”,-деп эсептейт Садыр Жапаров.

Ошол эле маалда президент өзү саясий туткун болгонун белгилеп өттү.  

“Мага карата саясий мотивде куугунтук болду. Мен уурулук кылган жокмун жана эч кандай кылмыш кылган жокмун, ошого карабай мени жана менин үй-бүлөмдү куугунтукташып, мени менен кошо уулум Рустамды, бир тууганым Сабырды кармашты. Алар жарым жыл Бишкектеги 1-абакта болушту”,-деп эскерди Садыр Жапаров

 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-atambaev-sayasij-tutkun-emes-aga-karata-bir-neche-ish-kozgolgon



Добавить комментарий