Жогорку сот “Барометр” редакциясына ыраазычылык кат тапшырды

3 ноября 2021 16:31 2911 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктоо маалында “Барометр” редакциясына ыраазычылык кат тапшырды.Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургуль Асанова, Айнаш Токбаева, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору  Эльмира Байтикова, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, кеңешчи Ибраим Нуракун уулу катышышты.

Ошондой эле иш-чарага ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Альфред Хьюстон жана Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас катышышты.

Алгач, Сот тутуму менен ЖМКнын эриш-аркак иштөөсү боюнча ролик көрсөтүлүп, андан соң Жогорку соттун төрайымы куттуктоо сөзү менен чыкты.

Нургуль Бакирова Кыргызстан эгемендик алган акыркы отуз жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өлкөнүн саясий-экономикалык турмушунда ээлеген ролу абдан жогору экендигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө төртүнчү бийлик катарында  саналган массалык маалымат  каражаттары сот тутумунун ачык-айкындуулугун,  адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине  болгон  ишенимин жогорулатууда ролу жана   таасири  чоң  экендигин айтты.

Сот тутуму жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык экендигин белгилеп,  өз ара байланыштарды бекемдөө аракеттери көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жогорку соттун имаратында атайын медиа борбор ачып, аталган  борбор аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу  мындан ары дагы күчөтүлө тургандыгын ырастады.

“Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы  эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек деп ойлойм. Сот системасы  ЖМКга толук маалымат берип турушу керек. Ал эми ЖМК өз кезегинде  бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан маалыматтарды берүүгө көмөктөшүүсү керек деп эсептейм”, - деп билдирди төрайым.

Майрамдык иш чаранын алкагында сот тутуму менен тыгыз кызматташып келе жаткан бир канча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө “Ыраазычылык каттар”  жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын   жана “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-barometr-redakciyasyna-yraazychylyk-kat-tapshyrdy



Добавить комментарий