Жогорку Кеӊеште кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат жабык эшик артында угулуп жатат

19 сентября 2019 11:00 1235 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊеште Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат. Депутаттар ушундай чечим кабыл алды. 

Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон капсалаӊдуу окуя болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы каза болуп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган. 

Ошондон улам, депутаттар тобу менен өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери окуянын кесепеттери менен жеринен таанышып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-kyrdaal-boyuncha-maalymat-zhabyk-eshik-artynda-ugulup-zhatat



Добавить комментарий