Жогорку Кеңештин жыйынында жөлөк пулдар алтынга алмаштырылып жатканы айтылды

3 октября 2018 16:35 790 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда жөлөк пул алуу үчүн бир миң сом төлөп же зер буюмдарын берүүнү талап кылышаары айтылды.  

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакуновага: “Мен сизге мындай суроом бар.    Эмне үчүн КРда жөлөк пулдар боюнча мыйзам чегинде чегерилген 810 сомдон жөлөк пулду сиздердин ведомство миң сомдон сатууда. Же алтынга алмаштырып жатат. Бул Сузак району боюнча видеого таянып жана биздин айыл аймактагы жолугуушулардан улам айтым жатам.  Кесиптештерим дагы бул маселени көтөрүп жатат. Ошондой эле эмне себептен балдар үйүндөгү балдарды эмес, ата-энеси бар барларды үйдөн алып келип киргизип, эки үч айдан кийин сатып жаткандыгы туурасында арыздар түшүп жатат. Ушул боюнча жооп бериңизчи”?-деди.

 Ал эми министр Таалайкүл Исакунованын айтымында, окуя 2016-жылы болгон. «Эгерде сиз конкреттүү фактыларды айтсаңыз, биз текшерүү жүргүзүп, документтерди укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз», -деди ал.

Депутат мындай жоопко макул болгон жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhknyn-zhyjnyynda-zhlk-puldar-altynga-almashtyrylyp-zhatkany-ajtyldy



Добавить комментарий