Жер боюнча маселеде депутаттар кайталама суроолор менен Айыл чарба министрлигин кайра-кайра сүйлөттү

30 января 2019 10:50 1321 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө өлкөдө канча сугат жер жана канча кайрак жер бар, деп депутат Карамат Орозова Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнө суроо узатты. Буга министрликтен жалпы айдоо жер 1 млн 219миң гектар, кайрак жерден 31 миң гектар, ал эми сугат жерлер 796 миң гектар жер бар деп жооп беришти. 

"Беш-алты мекеме уюм бар жер саясатын жүргүзгөн, бирок жер боюнча так маалыматыбыз жок"-деп кошумчалады. Андан кийинки сөз тийген депутат Зиядин Жамалдинов уктап олтурганбы же ойлонуп олтурганбы, айтор Карамат Орозова берген суроону кайра кайталап берди. 

Азыр эле жооп бербедикпи деп кайра маалыматты кайталаган Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнө депутат: "Анда суроом Салык кызматынын орун басарына, канча салык төлөнүп жатат? Баланс чыгып жатабы?"- деп сурады.

Буга Салык кызматынан толук жооп бере алышпай, жазуу түрүндө жооп берүүүнү убадалады. 

Эске салсак, бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент Жер кодексине, Салык кодексине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорду талкуулап жатышат. 


Ссылка: https://barometr.kg/uktap-olturganby-ojlonup-olturganby-biri-bergen-suroonu-ekinchi-deputat-kajtalap-ajyl-charba-ministrligin-kajra-kajra-sjltt



Добавить комментарий