Депутат: "Жаштар министрлигин кайра түзүп, жаш кадрларды даярдаган мектеп ачыш керек, буга көп деле акча кетпейт"

15 ноября 2018 11:00 1019 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Депутат Карамат Орозова кыргыз мамлекетинде жаштарга көп көңүл бурулуш керек жана жаш кадрларды даярдай турган мектеп ачылыш керек деп сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Жаштар министрлигин кайрадан түзүү керек, жаштар мамлекетке чет өлкөдө жүрүп иштеп, бир канча салымдарды кошуп жатат. Ошондой жаштар өз өлкөбүздө өнүгүп өсүүгө муктаж. Жаш кадрларды даярдаган мектеп ачып, бош жүргөн жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу зарыл. Министрликти кайра түзүү ашыкча деле чыгымды талап кылбайт"-деди депутат айым өз сөзүндө. 

Бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңеште кун тартибиндеги 6 маселе каралып, жыйын өтүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhashtar-ministrligin-kajra-tzp-zhash-kadrlardy-dayardagan-mektep-achysh-kerek-buga-kp-dele-akcha-ketpejt



Добавить комментарий