Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду

9 октября 2020 13:43 1167 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилетеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kmttn-zhana-premer-ministrdin-kyzmattan-kets-tuuraluu-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий