Сооронбай Жээнбеков УКМКга кайрадан суракка чакырылды

18 сентября 2021 12:35 733 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-сентябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

Эртең менен ал УКМКга суракка келди.

Экс-президенттин жакындары Barometr.kgге маалымдагандай Жээнбеков 12-августта “Кумтөр” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Ага премьер-министр болуп турган кезинде “Кумтөр” кенине байланышкан маселелер тууралуу суроолор берилген.

Бүгүн ал тергөө органдарына буга чейин берилген суроолордун жообун берет.

“Президент жана премьер-министр болуп турган кезинде Жээнбеков Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган эмес, ошондой эле Канада тарап менен эч кандай келишимдерге кол койгон эмес”,-деп эсептешет анын жакындары.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-ukmkga-kajradan-surakka-chakyryldy



Добавить комментарий