Ташиев: Сооронбай Жээнбековго каршы биз эч нерсе тапкан жокпуз
Бүгүн, 8-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып экс-президент Сооронбай Жээнбековго каршы кылмыш иши жок экенин билдирди.
“Сооронбай Жээнбековго каршы эч нерсе жок, ага каршы факты тапкан жокпуз”,-деп айтты Ташиев.
Ал ошондой эле экс-президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголгонун эскертти.
“Эч ким Асылбек Жээнбековду камап коет деп ойлогон эмес. Биз аны дагы, Бабановду дагы камадык. Анте албайт деп ойлошкон. Азыр Интернетте көп эркин журналисттер аларды жазып жана коргоп жатышат. Алардын күнөөсү жок деп айтып жатышат. Бирок бизде күнөөсүздөр жок. Баары күнөөлүү”,-деп айтты Ташиев.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-sooronbaj-zheenbekovgo-karshy-biz-ech-nerse-tapkan-zhokpuz
Добавить комментарий ×