Жээнбековдун иниси айыл өкмөт башчысы болду
Поделиться в:
Кечээ, 15-июнда Бактыбек Жээнбеков Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жалпысынан айыл өкмөт башчылыкка алты талапкер ат салышкан. Шайлоо эки тур менен өткөн.
Бактыбек Жээнбеков 24 добуш алган.
Эскерте кетсек, Бактыбек Жээнбеков буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары болгон. Кесиби боюнча агроном. Учурда 53 жашта, үй-бүлөөлү 1 кыз, 3 уулу бар. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков экөөнүн аталары бир тууган.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekovdun-inisi-ajyl-kmt-bashchysy-boldu
Добавить комментарий ×