Жээнбеков: чек арадагы чырдын чыгуусун шарттагандарды жазага тартуу керек

11 января 2020 14:13 5341 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, чыр-чатактар жарандардын күнүмдүк тиричилигине таасир берерин белгиледи.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы достук кылымдарды карыткан, келечекте да бекем болушу керек. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду», — деди Жээнбеков.

Президент чек арадагы окуя боюнча ЖМКлардагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн жакшы коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын өзгөчө белгиледи. Андан сырткары биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин айтты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу пландарды талкуулашты.

Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү чек арага жакын жерден кыргызстандыктар бараткан эки автоунаа ташка алынган. Андан сырткары болжол менен саат 02.40тар чамасында Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Кийин тажик тараптан ок атуу токтотулганы кабарланган.

10-январда кечинде облустук ички иштер башкармалыктары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-chek-aradagy-chyrdyn-chyguusun-sharttagandardy-zhazaga-tartuu-kerek



Добавить комментарий