Ок да атылды. Түндө кыргыз-тажик чек арасында КР жарандарынын машинасы ташка алынды
Чек ара кызматынан кабарлашкандай, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон. Түнкү саат 12:40тар чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Белгисиз адамдар Тажикстандын аймагына кире качышкан.
КР укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.
"Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын Тажикстандын жарандары Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада унаанын маңдайкы айнеги талкаланган", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары болжол менен саат 02.40тар чамасында Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанууда.
Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Добавить комментарий ×