Кыргыз-тажик чек арасы: тажик тараптан ок атуу токтоду
Чек ара кызматы Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптан атылган ок токтотулганын билдирди.
Ага ылайык, чек арадага жагдай туруктуу болгону менен чыңалган абал сакталууда.
Чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатат. Андан сырткары чек арадагы күч түзүмдөрүнүн аракетин Башкы штабдын жетекчиси, Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев тескеп жатат. Учурда ал Баткен облусунда жүрөт.
Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү чек арага жакын жерден кыргызстандыктар бараткан эки автоунаа ташка алынган. Андан сырткары болжол менен саат 02.40тар чамасында Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-tazhik-taraptan-ok-atuu-toktodu
Добавить комментарий ×