Кыргыз-тажик чек арасы: милиция күнү-түнү элди кайтарууда

10 января 2020 21:32 2187 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн түндө Баткен районунун Көк-Таш айылында катталган окуя боюнча ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев Баткен районундагы аталган аймакка барып, милиция кызматкерлер менен жолукту. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Баткен облусундагы абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү колго алынды.

"Эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктердин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо максатында милиция кызматкерлерине алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду. Кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөт күчөтүлүп, күнү-түнү милиция кызматкерлери элдин коопсуздугун сактоодо. Азыркы учурга кырдаал тынч", — деп айтылат маалыматта.

Баткен облустук ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-miliciya-kn-tn-eldi-kajtaruuda



Добавить комментарий