Бишкекте кайрадан авария болуп Чыгыш-5 кичи районунда жылуулук берүү үзгүлтүкө учурады
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы айрым үйлөргө авариядан улам жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөргө жылуулук өткөрүүчү түтүктөр жарылган. Мунун кесепетинен кичи райондогу 15 көп кабаттуу үйгө жылуулук жана ысык суу берилүү токтотулду.
"Азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери аяктады. Кечки саат 4төр чамасында кичи райондун тургундарына ысык суу жана жылуулук кайрадан бериле баштады", - деди ЖЭБтин басма сөз катчысы.
Эске салсак үстүбүздөгү жылдын 26-январында ЖЭБте авария катталып кыштын кыраан чилдесинде шаар тургундары жылуулуксуз калган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhebte-kajradan-avariya-bolup-zhyluuluk-ber-zgltk-uchurady
Добавить комментарий ×