ЖЭБ чыры. Исаков уюштуруучу, ал эми Атамбаев буйрук берүүчүбү?
Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун экс-президент менен жазышкан каттары бар. Бул долбоор мамлекетке чоң өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги белгилүү. Андыктан "Коррупция" беренеси боюнча Сапар Исаковго уюштуруучу деген айып тагылган. Ал эми Атамбаев боюнча материалдар өзүнчө каралат. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура парламентке маалымат берип жатып айтты.
Сапар Исаков уюштуруучу болгондугун жана ТВЕА компаниясын Кыргызстанга алып келгендигин, контрактын суммасын да ал аныктаган деп билдирди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
"Анда жемкорлуктун башы кимге барып такалат? Экс-президент Алмазбек Атамбаевге бул иш боюнча укуктук баа берилеби" деген суроону депутат Алмаз Токторов узатты.
Буга Башкы прокурор экс-президент Алмазбек Атамбаевге караштуу материалдар өзүнчө каралып, тергөө тобу ага укуктук баа берерин билдирди.
Бүгүн, 14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тиешелүү кызматкерлери менен кошо Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/zheb-chyry-isakov-uyushturuuchu-al-emi-atambaev-bujruk-berchb
Добавить комментарий ×