Парламентте ЖЭБден сырткары Датка-Кемин, Түндүк-Түштүк жолдору сыяктуу обьектилер текшерүүгө алынышы керектиги айтылды

14 февраля 2019 13:38 1032 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек жылуулук электр борборунан сырткары башка обьектилер эмнеге текшерилбей жаткандыгына депутат Зиядин Жамалдинов кызыкты. Ал бул тууралуу ал бүгүнкү 14-февралдагы ЖЭБ боюнча талкууда айтты. 

"ЖЭБдеги желген акчалар башка деле ушундай жол менен салынып жаткан обьектилерде бар да. Мисалы, Датка-Кемин Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун курулушу эмнеге текшерилбейт. Көрүнүп тургандай узундугу 433 км, баасы 846 миллион доллар. Мындайча айтканда, ар бир километр 2 миллион доллар акчага курулган. Депутаттар сөзсүз комиссия түзүп, текшерүүгө тапшырма бермейинче өз алдынча текшерүү деген жокпу"-деп укук коргоо органдарын зекиди.

Укук коргоо органдарынын жетекчилери ЖЭБ боюнча иликтөөлөр эми сотко өткөрүлүп, башка обьектилерди текшерүү боюнча иш жаңы башталганын айтышты. Кошумча маалымат дагы беребиз деп кутулушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-zhebden-syrtkary-datka-kemin-tndk-tshtk-zholdoru-syyaktuu-obektiler-teksherg-alynyshy-kerektigi-ajtyldy



Добавить комментарий