Жаңы окуу жылында кандай мектеп формасы талап кылынат?

5 августа 2021 13:49 2262 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы окуу жылында мектеп формасын милдетүү түрдө кийүү талап кылынбайт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министриинин орун басары Надира Джусупбекова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, буга чейин эпидемиологиялык жагдайдан улам милдеттүү мектеп формасын талап кылбоо боюнча чечим кабыл алынган.

“Эгерде окуучулардын формалары болсо, аларды кийсе болот. Калган мектеп окуучулары үстү жагына ак түстө жана ылдый жагына кара түстө кылып классикалык стилде кийинүүсүнө уруксат берилет”,-деп айтты орун басар.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-okuu-zhylynda-kandaj-mektep-formasy-talap-kylynat



Добавить комментарий