Жогорку окуу жайларга абитуренттерди кабыл алуу качан башталат?

3 июля 2023 17:30 652 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку окуу жайларга абитуренттерди кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирди.

“Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.  

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт”, -деп айтылат маалыматта. 

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;

IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.



Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-okuu-zhajlarga-abiturentterdi-kabyl-aluu



Добавить комментарий