Сузакта мугалимдер окуучу кызды классташынан чөгөлөтүп кечирим сураткан видео тарады
Соцтармакта мектепте мугалимдер жана ата-энелер менен бойго жетип калган окуучу кызды чөгөлөтүп кечирим суратып жатышат делген видео тарады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Интернет айдыңына тарап даткан видеодо, кызды ошол жерде турган аялдар классташ кызынан ыйлап, чөгөлөп кечирим суроого мажбурлап жатканын көрүүгө болот.
Ошондой эле, бул окуя февраль айында эле болуп, коомучулукка эми белгилүү болуп жатканы маалым болду.
Видео тасманын алдына чөгөлөп кечирим сурап жаткан кыз ата-энеси жок болгондуктан, мугалимдер менен ата-энелер ушундай мамиле кылып жатышканы жазылган.
Бул окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сайдулла Акбаров атындагы мектепте болгону айтылат.
Анда, кыз классташ кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу учун , кыздын энеси келип, кызды ушундай жазалоого үндөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтуп кечирим суроого мажбур кылганы жазылат.
Азырынча, билим берүү министрлиги бул окуя тууралуу үн ката элек. Бирок, министрлик окуя туралуу тыкыр иликтенүү болорун билдирди.
Добавить комментарий ×