Калың карды жиреп мектепке барган окуучуну Садыр Жапаров кабыл алды

18 декабря 2025 09:13 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдын-Көл” башталгыч мектебинин төртүнчү классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда төртүнчү класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Садыр Жапаров да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү ага белектерди тапшырды. Мындан тышкары, президент окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун берди.

Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалады.   

Ссылка: https://barometr.kg/kaly-kardy-zhirep-mektepke-bargan-okuuchunu-sadyr-zhaparov-kabyl-aldy



Добавить комментарий