Өзгөчө кырдаалдар учурунда жумуш берүүчүлөр кызматкерлерине транспорт уюштура алат
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-марттан тарта бир айга киргизилген өзгөчө кырдаалдар учурунда жумуш берүүчүлөр кызматкерлери үчүн транспорт уюштура ала турганын билдирди.
“Коомдук транспортто маселе жарала турган болсо өздөрүнүн жумушчуларына транспорт уюштуруп иш алып барса туура болот”, — деди ал.
Биринчи вице-премьер өзгөчө кырдаалдар маалында ири шаарларда коомдук транспорттун каттоосуна чектөө киргизиле турганын айтып, мындай иштер Бишкек шаарында дагы жүрөрүнө токтолду.
“Жарандар киргизилген өзгөчө кырдаалдарды түшүнүү менен кабыл алып, көпчүлүгү үйүндө болуп, муктаждыгы жок болсо сыртка чыкпаганга аракет кылат деп ишенебиз. Ошондой эле шаардагы (Бишкек – авт.) транспорттун каттамы дагы азайтылат. Себеби, оорунун жугушуна шарт түзгөн дал ушул коомдук транспорттор. Ошого байланыштуу коомдук транспортту азайтуу боюнча аракеттерди көрөбүз”, — деди Боронов.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан кишилердин саны 14кө жетти.
Добавить комментарий ×