Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталып, 14 кишиге жетти

21 март 2020 18:07 875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирус дагы эки кишиден аныкталып, жалпы оору жуккандардын саны 14 кишиге жетти. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, жуктургандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronaviruska-chaldykkan-dagy-2-uchur-kattalyp-14-kishige-zhetti



Добавить комментарий